Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылынын тургуну 13-июнь күнү мал айдап кетип, бүгүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
— Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылынын 58 жаштагы К.Т. аттуу тургуну кечээ, 13-июнда таңкы саат 09:00 чамасында көл жээк тарапка мал жандыктарын айдап кеткен. Саат 15:40 чамаларында жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Ал эми саат 18:00 чамасында үй-блөсү анын уюлдук телефонуна чалганда өчүк болуп чыккан.
Улахол айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы үйүнө кайтып келбегендиктен, Тоң райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө маалымат беришкен.
Издөөнүн натыйжасында бүгүн, 14-июнда саат 10:56 чамасында жарандын жансыз денеси Шор-Булак айылынын Ак-Курчоо участкасынын көл жээк тарабынын табылган. Эмне болуп каза болгону боюнча райондук ИИБи тарабынан териштирүү жүргүзүлүүдө.