Бишкекте кампадан ири өрт чыгып, 7 бөлүм тартылды

Бишкекте кампадан ири өрт чыгып, аны өчүрүүгө 7 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Биринчи май районуна караштуу Көлмө конушунун Жаз көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, ККББдан ыкчам топ тартылган.

Өрт саат 08:08 чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары уланууда.

Министрлик кошумча маалымат берерин билдирди.