Миллиардер Илон Масктын 18 жаштагы уулу расмий түрдө кызга айланды

Белгилүү америкалык миллиардер Илон Масктын 18 жаштагы уулу Ксавье Маск расмий түрдө кызга айланып, ысымын өзгөрттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ксавье Маск апрель айында ысымын жана жынысын өзгөртүү үчүн уруксат сурап, сотко арыз менен кайрылган. Ошондой эле биологиялык атасы менен мындан ары жашагысы келбей тургандыгын билдирген. Ал эми сот эч кандай каршылыктар болбогондугун эске алып, анын өтүнүчүн толугу менен канааттандырганы маалымдалды.

Муну менен Ксавье Маск расмий түрдө кызга айланып, өзүнө Вивиан Женна Уилсон аттуу ысымды алганы кабарланды. Илон Маск анын апасы Жастин Уилсон менен 2008-жылы ажырашкан.