Без рубрики

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынды

Бишкекте шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция тарабынан Туңгуч кичирайонундагы №36 үйдүн жанындагы куймак сатуучу жай жоюлду. Ошондой эле Алыкулов көчөсүндөгү №11 дарегинде мыйзамсыз курулуш алынды.

«Мындан тышкары, тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн шаар тургуну В. Сосновских жоопко тартылат. Кара-Жыгач конушундагы белгиленбеген жерге өндүрүш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн “Аалам Строй” ишканасы жоопкерчилик тартат. Айыппулдун суммасы 23 миң сомду түзөт. Жолдун жүрүүчү бөлүгүн булгагандыгы үчүн Жолдошбек у.Б.га 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, фактыларга карабастан айрым тартип бузуучулар күнөөсүн моюндарына алуудан баш тартышты. Алардын иши акыркы өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button