Кытайда ажырашууга арызын жазган аялын өрттөгөн киши өлүм жазасына тартылды

Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында түз эфирде аялын өрттөп жиберген Тан Лу аттуу адам өлүм жазасына тартылды. Бул туууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Тана Лхамо аттуу аял социалдык тармак аркылуу түз эфирде отурган учурда мурдагы күйөөсү Тан Лу артынан келип, бензин чачып өрттөп жиберген. Буга Тана Лхамонун ажырашуу үчүн арыз жазганы себеп болгон.

Лхамо эки жумадан кийин ооруканада каза болгон. Тан Лу кол салуудан көп өтпөй камакка алынып, 2021-жылдын октябрында өлүм жазасына кесилген. 2022-жылы 23-июлда ал өлүм жазасына тартылган.