Орусия-Казакстан чек арасында орун алган тыгындын аягы көрүнбөйт

Россия Федерациясы мобилизация жарыялангандан кийин Казакстандын чек арасында чоң кезек пайда болду.

«Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Орусиядан Казакстанга кирүү түйүндөрүндөгү тыгындарды чагылдырган кадрларды бөлүшүп жатышат. Көпчүлүгү авиабилеттерге жана чек арага болгон ызы-чууларды мобилизация менен байланыштырышат», — деген маалыматтар тарады.

Ошондой эле Орусиядан башка өлкөлөргө жакынкы күндөргө билеттердин дээрлик бардыгы бир нече саатта сатылып алынганы белгиленди. «Уральская неделя» басылмасынын маалыматына караганда, бул видео Батыш Казакстан облусундагы Маштаково-Сырым чек ара бекетинде түн ичинде тартылган.