Журналист, Шайлообек Атазовду мыйзам бузбоого жана тергөөгө басым жасабоого чакырды

Фейсбук колдонуучусу, журналист Алтынай Ормотоева
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов тууралуу билдирүү жасады. Ал өз сөзүндө депутат Шайлообек Атазовго Түркиянын жараны ишкер Али Баклан Түркияда тар чөйрөнүн ичинде «Жылдын депутаты» наамын алып берген деп жазган.

“Убагында Жогорку Кеңештин босогосун араң аттаган Атазов депутат болгонуна 3 айдын жүзү болуп боло электе бүтүндөй түрк дүйнөсүнө эмес карапайым кыргыз калкы таанып-тааный электе Түркиядан “Жылдын депутаты” наамын кайсыл эмгеги үчүн алды экен? Анан ошол түрк ишкерин бүгүн тим эле жан оту менен берилип когоп жатканы эмнеден кабар берет?

Ошондуктан эл өкүлдөрүнө кайрыларым, Урматтуу депутаттар!

Сиздерди эл өкүлү деп коёт. Биз сиздерди кандай кырдаал болбосун жеке кызыкчылыктардан бийик туруп, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын коргосун деп шайлаганбыз. Анан калса депутаттар карапайым калк төлөгөн салыктын негизинде жан багасыздар. Элдин эсебинен жашап жаткандан кийин элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коюш керек! Ошондуктан Жогорку Кеңештин трибунасын далилсиз ушактарга пайдаланганга болбойт! Айтылган сөз атылган ок дейт, сиздердин ар бир сөзүңүздөр тастыкталган, салмактуу болушу шарт!

Анан кайсы бир чет өлкөнүн жаранынын капчыгын коргоп берем деп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өлкөбүздүн жарандардын укугун тепсегендик бул аша чапкандык! Эң негизгиси Президент дагы тергөөгө аралаша албайм деп так жана ачык айткан. Анан кантип Жогорку Кеңештин депутаттары тергөө амалдары жүрүп жатканда иш мунун пайдасына чечилиши керек деп кыйкыра алат?! Мунун өзү мыйзам бузуучулукка кирбейби?…

Негизи кыргыз эли жетинчи чакырылыштын депутаттарындай тупой анан сабатсыздарды көргөн эмес. Ошондуктан таркап эле кеткилечи!..” деп жазган.