Маданият

Чыңгыз Эсенгул уулу: «Министрлик билет «басып» чыгарып жаткансып, билет сураган эле адамдар…»

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу соцтармактагы баракчасына маданиятты көтөрүү максатында билет сатып алуу менен маданий жана спорттук иш-чараларга барууга чакырды.

«Учурда борборубузда чет элдик театрлардын спектаклдери, концерттер байма-бай коюлууда (жеке адамдар уюштурушат, биздин тиешебиз жок). Аны менен катар өзүбүздүн өнөрпоздордо да күндө бир маданий иш-чара. Спорт жаатында дагы ушундай эле көрүнүш – түрдүү мелдештер, оюндар өтүп жатат. Анан эле маданий, спорттук иш-чараларга, кино тасмаларга министрлик билет “басып” чыгарып жаткансып, билет эле сураган адамдар. 

Ушул боюнча оюмду ортого салсам, ачык сөздүн заары жок демекчи, жаман көрбөй, туура кабыл аласыздар деген ойдомун. Өлкөнүн жүзү – искусство, маданият жана спорт деп дайым айтып келебиз. Ага 500-1000 сомго бир билет сатып алуу менен жалпы маданиятка салым кошсок болорун этибар албайбыз. Маданиятты сыйлаганыңыз, анын алга жылуусуна салым кошконуңуз түбү барып өлкөнүн өнүгүүсүнө алып келет деген ишеничтемин. Биз өзүбүздү жакшы көрүп, сыйлап, руханий азык алыш үчүн бекер «билет» менен киргибиз келгендей эле, өзгөнү, өзгөчө таланттарды, алардын ак эмгегин, аракетин сыйлабайлыбы? Бир эле театрды алалы: Сиз сатып алган бир билет — театрдын оңдоо иштерине, реквизиттерине, декорациясына, ар бир номерге ылайык кийиле турган форма жана башка сарпталуучу каражатка салым кошот», — деп жазды ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button