КоомМаданият

Астанада Айкөл Манастын эстелиги орнотулат

Президент Садыр Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды.

Алтынбек Максүтов мамлекет башчысына Айкөл Манастын эстелигин Астана шаарында орнотуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, эстеликтин эскизинин долбоорун сунуштады.

Эстеликти орнотуу боюнча тиешелүү макулдашуу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча Координациялык планынын алкагында жетишилген. Кыргызстанда жашаган скульпторлордун жана сүрөтчүлөрдүн арасында эстеликтин эң мыкты эскизи үчүн сынак өткөрүлгөн. Сынактын жеңүүчүсү скульпторҮрүстөмбек Пазылов, архитектору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев болду.

Учурда эстеликтин көркөм-эксперттик комиссия тарабынан бекитилген жумушчу макети даярдалды. Постаментти граниттен жасоо пландалууда. Скульптура өзү колодон жасалат. Президент Садыр Жапаров Айкөл Манастын образы жана духу эстеликте чагылдырылышы үчүн алдыда аткарыла турган иштерди жогорку деңгээлде камсыз кылууну тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button