Коом

Кыргызстанда 14 адамды 77 миллион сомго алдап кеткен делген жаран Польшада колго түштү

Башкы прокуратура 14 жаранга карата 77 миллион сомдук зыян келтирип, алдамчылык фактысы менен айыпталган жаранды Польшадан экстрадициялоо боюнча аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги жана Улуттук прокуратурасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Жыйынтыгында, 1-декабрь күнү айыпталуучу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга алып келинди.

Айыпталуучуга карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өндүрүшүндө турган кылмыш иш боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Ал Польша мамлекетинде Румыния жаранынын жасалма паспорту менен жашырынып жүргөнү белгилүү болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button