УКМК: Баткен окуясында курман болгон баатырлар эскерилди – ФОТО

Бүгүн, 23-декабрда  КР Улуттук тарых музейинде  Баткен окуяларында мекен үчүн курман болгон баатырлардын  элесин түбөлүк калтыруу максатында сүрөт көргөзмө уюштурулуп, анда Баткенде кайтыш болгон баатырлардын  портреттери Улуттук тарых  музейине  өткөрүлүп берилди.

Аталган иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана курман болгон баатырлардын жакындары катышты.

КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эрдиги эч качан унутта калбасын айтып, баатырлардын ата-энелерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өлкө жетекчилиги, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда мындан ары да жигердүү иш-аракеттерди күчөтөөрүн баса белгиледи.