Окуялар

УКМКнын тергөөчүсү $15 миң өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү Т.Ы. $15 миң өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январда О.А. аттуу жаран УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөөчүсү Т.Ы.га жана башка кызматкерлерге карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсине каршы кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн андан 20 миң доллар пара талап кылганы жазылган.

Арыздын негизинде Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү (“Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

20-январда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында тергөөчү Т.Ы. 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда аталган факты боюнча башка кызмат адамдарынын кылмышка катыштыгын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кармоо Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМдин жетекчилеринин макулдашуусунун алкагында көзөмөл, укук коргоо жана атайын кызматтардын катарларын таза эмес кызматкерлерден арылуу боюнча өткөрүлдү.

Бул багыттагы иш уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button