Жалал-Абадда 12 жаштагы Гүлкайыр Парпиева мектептен чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Жалал-Абадда 12 жаштагы Гүлкайыр Парпиева дайынсыз болуп, изделип жатат. 

Маалыматка караганда, милицияга кыздын атасы кайрылган. Арызда анын 2010-жылы туулган кызы 24-январда саат 12:45 чамасында үйүнөн мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы жазылган. Милиция анын мектепке барганын, мектептен классташы менен чогуу чыкканы тастыктаган.

Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0707 87 25 68 номурлары аркылуу байланышсаңар болот.