Маданият

Жумакадыр Курмангалиев Чүй облустук драма театрынын директору болду

Жумакадыр Курмангалиев Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Курмангалиевди эмгек жамаатка министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады.

Жумакадыр Курмангалиев 1962-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Ат -Башы районуна караштуу Ат -Башы айылында туулган.

1983-жылы Пржевальск мамлекеттик музыкалык колледжинин, “Хор дирижеру”, ал эми 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун, маданий агартуу иштери боюнча адистигин аяктаган.

2018-жылдан 2023-жылга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборду жетектеп келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button