ВИДЕО: Абиров катышкан мушташты бир тараптуу каралабай, укуктук баа берилиши керек

Эки күндөн бери Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Айрымдары депутатты жерден алып көргө чапса, айрымдары экинчи тараптагы ыкчам чара көрүүчү топтун (ГБР) эки кызматкери көрсөткөн провокациялык аракеттерин коомдук тартипти бузуу катары кабыл алышып сындашууда.

Албетте, депутатты эл шайлаган, коомго үлгү болушу керек. Анын мындай жоругу коомчулукка өтө эле терс көрүнүп жатат. Айрымдардын пикири боюнча аны актаганга болбойт, анткени ал – депутат!!!

Бирок, медалдын экинчи бетин карайлы. Жаныбек Абиров – депутат, бирок ал башкалардай эле адам. Эмоциясы бар, аны менен кошо жакын жоро-жолдошторун кемсинтип жана ок атуучу куралы менен атырылган адамдарга эркекче жооп берген. Депутат жеке менчик болгон коомдук жайда ызы-чуу салбастан, имараттагы башка кардарларга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн маселени эшиктен чечүүгө аракет кылганына да көңүл буруубуз керек.

Буга чейин ресторандын сыртындагы топтошуп, мушташып жаткан депутат менен катар жабырлануучу жана башкалардын видеосун  көргөн элек.  Мушташкандардын арасындагы депутатты каргап -шилеп эле жатып калышты айрымдар. Кечээ мушташ кантип, каяктан башталганы тууралуу ресторандын ичиндеги видео тарады. Тилекке каршы видеодо  каармандардын жүрүм-турумдары көрсөтүлгөнү менен үндөрү жазылбай калган. Бирок көпчүлүк интернет колдонуучулардын баамында, үнсүз видеодо ар бирөөнүн эмоциялары алардын жүзүндө так көрүнүп турган.

Ресторандын ичиндеги видеого жакшылап саресеп салсаңыз –  үч адам ошол жердеги бардын кассасынын жанында жайбаракат, эч кандай коомдук тартипти бузбай эле, тынч гана тургандарын көрүүгө болот. Алардын айланасындагы административдик персонал да өз жумушун тоскоолдуксуз аткарып жатканы айдан ачык көрүнүп турат. Андан ары, кире бериштеги пианинонун жанында да үч адам беймарал бири-бири менен сүйлөшүп турушат. Ошол маалда ыкчам чара көрүүчү топтун (ГБР) эки кызматкери (алардын биринин колунда ок атуучу куралы бар) имаратка кирип, алиги үч адамдын жанына келишет. Видеодо ГБР кызматкерлеринин бири үч адам менен диалог баштап, андан соң өзү провокация баштаганын көрүүгө болот. Ошол учурда мекеменин администратору ГБР кызматкерине эскертүү жасап, аны окуя болуп жаткан жерден алыстатууга аракет жасайт. Анын айтканына карабастан, ГБР кызматкери пианинонун жанында турган адамдарга кайтып келип, коомдук тартипти бузуп, провокацияны улантууга жетишкен. Бул учурда да пианинонун жанында отурушкан үч адам да тартипти сактап, тынч болуп турушкан. Ошол маалда барда отурган үч адам окуянын чоо жайын билүү үчүн аларга жакындап, баары имараттан чыгып кетишкен. Беймарал сүйлөшүп тургандардын бири депутат Жаныбек Абиров экенин көрүүгө болот. Андан кийин сыртка чыгып, мушташ башталып кеткен.

Албетте, Жаныбек Абиров ачууга, эмоцияга алдырбаш керек эле. Бирок, ал биринчи кезекте депутаттыктан мурда биз сыяктуу АДАМ экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Коомдук жайда дем алыш күнү тынч эс алып жаткан топко бир заматта курал жарак менен басып кирип келген адамдын аракетине да баа беришибиз керек.

Болоор иш болду, боесу канды. Депутат элден кечирим сурады, эмоцияга алдырып жибергенин мойнуна алды. Жабырлануучудан, анын жакындарынан кечирим сурады. Эркекче өз ара чечишип, жабырлануучу милицияга жазган арызын алып, кечиргенин билдирди.

Бирок, коомчулукта эки тарап кечиришип, ынтымакка келсе да ызы чуу басылбай келет. Жакында Улуу Орозо айы. Кечиримдүү бололу дешиптир. Бири-бирине дооматыбыз жок дешиптир. А башкалар таяк жеген баланын атынан сүйлөп, депутатты каргап шилегенин токтотпой жатышат. Аларга эмне жок дегиң келет. Эки тарап кечириштиби, экинчи мындай иш кайталанбасын дештиби, эми ушуну менен чекит коюлушу керек эле.

Чындыгында мындай осол иштер мурдагы депутаттардын, чиновниктердин балдарында да болуп келген. Айрымдары адам өлүмү менен коштолгон окуялар да болгон. Бирок, алар да бирин – бири кечиришкен.

Айрым адамдар бийликтеги, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине же чиновник, бизнесмен, байларга карата жеке көрө албастыгы, антипатиясы болот. Андыктан мындай антипатиядан алыс бололу.

Эки тарап ынтымакташып чечишип алышты, тиешелүү органдар укуктук баа беришет. А биз бул жактан адвокат болбой, окуяны ырбатпай тынч эле бололу.

Видеону кунт коюп көрсөңүз окуянын чоо-жайын билүүгө болот

Касыбек Абдыраев, ардагер журналист