Коом

Кадамжайда бычактан жаракат алган жаран ооруканага кайрылган. Шектүү кармалды

Үч-Коргон айылынын 55 жаштагы Ю.Ф. аттуу тургуну денесинен миздүү нерседен жараат алып, аймактык ооруканага түшкөндүгүн билдирип, 2023- жылдын 16-март күнү саат 22:45 чамасында милицияга маалымат түшөт.
Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө иштери жүрө баштайт. Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы тарабынан иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыштын изи сууй электе Үч-Коргон айылында кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Масалиев айылынын 33 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну аныкталып кармалды.
Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button