Өзбекстанда 80 метрлик шаурма даярдалып, бирок дүйнөлүк рекордго жетпей калды

Өзбекстандын Наманган шаарында өлкөдөгү эң чоң лаваш даярдап, андан 80 метрлик шаурма жасашты.

Жергиликтүү Podrobno.uz басылмасынын маалыматына караганда, укмуштуудай тамак иран жана түрк элдеринин астрономиялык күн календары боюнча жаздын келиши жана Жаңы жылдын майрамы болгон Нооруз майрамынын урматына даярдалган.

Жалпысынан жүз киши даярдап, тоголоктоп жаткан лавашта 80 килограмм эт, 40 килограмм помидор жана бадыраң, 15 килограмм куурулган картошка жана 20 литр соус болгон. Продукциянын салмагы 160 килограмм болгон. Буга чейинки улуттук рекорд Ташкентте жасалган 31,5 метрлик лавашка таандык болчу.

Бул шаурма дүйнөлүк рекордду жаңылай алган жок. Анткени Орусиянын рекорддор китебине ылайык, эң узун шаурманы 2022-жылдын декабрь айында Санкт-Петербургдагы «Вокзал 1853» тамак-аш соода борборундагы «Влаваше» ресторанынын ашпозчулары бышырышкан. Анын узундугу 151 метр, салмагы 245,7 килограмм болгон. Ал эми «Интеррекорд» эл аралык рекорддор китебинде 2021-жылдын 9-октябрында Киевдеги Контрактова аянтында даярдалган шаурма катталган. Узундугу 129 метр болгон. Гиннесс рекорддор китебинде мындай рекорд жок.