КоомМаданият

Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин иши Жогорку Сотто каралат

Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин иши Жогорку Сотто бүгүн, 28-мартта каралат. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, сот жабык эшик артында өтөт.

  • Өткөн жылдын апрель айында актёр Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча шектүү катары кармалган болчу. Декабрь айында Бишкектин Свердлов райондук соту актёрго карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн жөнөткөн. Кийин Чыңгыз Мамаев президент Садыр Жапаровго «сот адилеттүү болот деп ишенгем, бирок сабырым түгөндү» деп кат жолдогон эле. 11-январда ал үй камагына чыгарылган. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button