Жалал-Абадда кооптуу аймактарда жашаган тургундар башка жакка көчүрүлө баштады

Адистер жазында жер көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо коркунучу бар аймактарга изилдөө жүргүзүп, кооптуулук жогору экенин аныкташкан. Андан улам тургундарды коопсуз жайга көчүрүү чечими кабыл алынган. 

ӨКМдин маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунда 1169 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Сузак жана Базар-Коргон райондорунда жайгашкан.