Өзбекстандын мурдагы президентинин уулу Орусияда жубайын сабап салган

Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун уулу Красногорскиде аялын катуу сабап салган. Бул тууралуу “112” Telegram-каналында маалымдалды.

Маалыматка караганда, окуя Подмосковный бульварындагы көп кабаттуу үйдө болгон. Петр Каримов жаңжал учурунда аялын бир нече жолу урган. Аялы ооруканага жеткирилип, кийин бошотулган. Учурда ал шектүү катары турат.