Мамдума мигранттардын айлык акысын орусиялыктардыкынан кем эмес көтөрүүнү сунуштоодо

“Адилет Орусия – Чындык үчүн” партиясынын лидери Сергей Миронов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге кайрылып, жумуш берүүчүлөрдү эмгек мигранттарынын эмгек акысын орусиялыктардан төмөн эмес белгилөөгө милдеттендирүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

«Мыйзам деңгээлинде иш берүүчүлөрдү эмгек мигранттарынын эмгек акысынын деңгээлин Орусиянын тиешелүү субъектинде окшош кызматтарда иштеген Орусиянын жарандары алгандан төмөн эмес белгилөөгө милдеттендирүү сунушталууда», — деп айтылат кайрылууда.