Бишкекте 43 жаштагы кишини унаа басып калып каза болду

21-майда Бишкекте унаа оңдоочу жайлардын биринде 43 жаштагы жаран каза болду. Маалыматты журналисттерге Тез жардам борборунан тастыкташкан.

Маалыматка караганда, анын үстүнө унаа көтөргүчтөгү унаа кулап, ал жеринде каза болгон.

Окуя боюнча териштирүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.