Депутат Түлөбаев: «Ташиевдин кечээги билдирүүсүнөн кийин укук коргоо органдарынын көп кызматкерлери түрмөгө отурат»

«УКМКнын төрагасынын кечээги билдирүүсүнөн кийин, эгер бул олуттуу иш болсо, анда укук коргоо органдарынын көп кызматкерлери кармалып түрмөгө отурат». Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты.

«Бишкекте жана Кыргызстандагы кумар оюндарын ким калкалап турганын элдин баары эле билет. Өкмөт мыйзамды алып келип жатканда казинодон 2 миллиард сомдон ашык акча түшөт деген болчу. Жылдын аягына чейин бул сумма түшпөсө, анда Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кайтарып алууга укугу бар», — деди депутат.