КоомМаданиятОкуялар

Астананын Алматы райондук соту кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты

Кыргызстандык музыкант «Январь окуяларында» кармалган. Qazaqstan мамлекеттик телеканалы анын митингдерге катышуу үчүн  барды делген сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Көп өтпөй ал кыйноолордун астында камерага өзүн жаманатты кылууга аргасыз болгону аныкталган болчу.    

Рузахунов эркиндикке чыккандан кийин Казакстандын ИИМин сотко берген. Ал өзү тууралуу маалыматты жалган деп таанууну жана ошол эле телеканал аркылуу расмий түрдө кечирим суроону өтүнгөн. Бирок Алматы райондук соту кыргызстандыктын доо арызын четке какты.   

Музыкант сотто аталган маекти Алматы ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Азирбек Салтанат алганы белгилүү болгонун билдирди. Ал маек алууга ким буйрук бергени эсинде жоктугун айтып, “Рузахуновдун дене жаракаттарын байкаган эмесмин, болгону бут кийиминин чечилген боосун көргөм” деген билдирүү жасаган.    

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button