Баштыктагы 7 миллион рубль. Орусияда кыргызстандык аял сот залынан бошотулду

31-майда Новосибирск облустук соту шектүүнүн адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Кыргыз жаранын сот залынан бошотту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

2021-жылдын ноябрь айында Новосибирск шаарында иштеп жүргөн кыргызстандык аял Новосибирск шаарынын ички иштер кызматкерлери тарабынан Кылмыш кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүгүнө (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук) ылайык кылмышка шектүү катары кармалган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында Орусиянын жараны 4-ноябрына караган түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль менен сумкасын унутуп кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу сумканы Кыргыз жараны алып, жумушуна алып барып койгондугу аныкталган.

2022-жылдын апрель айында кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 2022-жылдын 27-октябрында Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту ага карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан болчу.