Россия Кыргызстанга салып бере турган 9 мектептин үчөөнүн курулушу быйыл башталып, 2025-жылы ишке берилет

Билим берүү министрлиги билдиргендей, алар Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында курулат. 

Эске салсак, эки өлкө аталган мектептерди куруу боюнча быйыл март айында макулдашкан. Ар бир мектептин курулушу болжол менен 500 млн рублга бааланган. Алар 1 224 орундуу болуп, заманбап шартта курулат.