Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөө учурунда «Ала-Тоо» аянтында 503 бала жоголгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Айбарчын Батырбекова билдирди.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери жоголгон балдардын баарын ата-энелерине кайтарып беришкен.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, борбор калаанын борбордук аянтында өткөн майрамдык иш-чарага 40 миңден ашуун адам катышкан.