Чүйдө жаңы төрөлгөн кызын iPhone 12 Proго соодалаган келин кармалды

25 жаштагы келин 8 айлык кош бойлуу кезинде (апрель айында) курсактагы  баласын 27 жаштагы жаранга сатууга макулдашкан. Ал наристесин төрөлгөндөн кийин 100 миң сом, iPhone 12 Pro жана Россияга учуп кетүүгө авиабилетке алмаштырууга макул болгон. Ошондой эле бала төрөлгөнгө чейин алуучу тарап келинди камкордукка алмак.  

Чүй милициясынын маалыматы боюнча, баланы сатып ала турган келин дарыгер менен сүйлөшүп, кош бойлуунун картасын жасатып алган. Ымыркай 20-майда жарыкка келген.

Милиция наристесин саткан аялдын жанынан iPhone 12 Pro телефону далил катары алынганын, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.