Эр Эшимхандын урпагы Колпоч баатырдын 320жылдык мааракеси Талас жергесинде белгиленет

16-17-сентябрь күндөрү Талас жергесинде Колпоч баатырдын урпактарынын демилгеси менен кыргыз элинин  тарыхында калган  Колпоч баатырдын мааракеси белгиленет.

Аталган иш-чара эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө 7-кыргыз казак зыялаларынын  форумунун жана Колпоч баатырдын 320жылдык мааракесини салтанаттуу расмий ачылышы болот. Бул бөлүктө Эр Эшимхандын урпагы болгон Колпоч баатырдын тарыхтагы орду, тарыхый мааниси, келечек муундарга болгон тарбиялык таасирлерин камтыган илимий иликтөөлөрү менен Кыргыз-Казак окумуштуулары баяндама жасашат. Ошону менен бирге жазуучу Нурбек Турандын “Колпоч баатыр” аттуу монография китебинин бет ачаары  жана эл аралык Түрк академиясы тарабынан жарык көргөн “Эр Эшим” жана “Жаныш Байыш” аттуу китептердин кыргызча жана казакча чыгарылышы менен коноктор тааныша алышат. Салтанаттуу мааракенин экинчи бөлүгү Колпоч баатырдын320жылдык мааракесине арналган улуттук оюндар менен уланат. Бул бөлүктө улуттук оюнубуз көк бөрү, аламан байге, кунан чабыш, ат чабыш улуттук кыргыз күрөш жана концерттик программа менен уланат.

Маарекеге   мамлекеттик катчы Сүйүнбай Касманбетовдун президенттин апаратынан Октябрь Капалов жана түрк академиясынын катышуусу да күтүлөт. Андан тышкары Казакстандан бир нече санжырачы, тарыхчы, окумуштуулары келет.  

Колпоч баатыр  1703-жылы төрөлүп, 7077-жылы көзү өткөн эл багаар баатыр.  18-кылымда  калмак баскынчыларынан коргогон, кыргыз жерин баскынчылардан бошоткон, элдин эркиндиги үчүн  күрөшкөн баатырлардын бири. Колпоч баатыр Эр Эшимдин урпагы болуп эсептелет. Эр Эшим  андан 100 жылдай  мурдараак кыргыз, казак элин бир эл, бир журт кылып асырап келсе, анын урпагы Колпоч улуу жолду улаган татыктуу урпагы болгон.

Колпоч баатырдын урпактары  Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарында жашашат. Бирок көпчүлүгү Талас менен Аксы өрөөндөрүндө отурукташкан.

 Колпоч баатыр  1703-жылы төрөлүп, 7077-жылы көзү өткөн эл багаар баатыр.  18-кылымда  калмак баскынчыларынан коргогон, кыргыз жерин баскынчылардан бошоткон, элдин эркиндиги үчүн  күрөшкөн баатырлардын бири. Колпоч баатыр Эр Эшимдин урпагы болуп эсептелет. Эр Эшим  андан 100 жылдай  мурдараак кыргыз, казак элин бир эл, бир журт кылып асырап келсе, анын урпагы Колпоч улуу жолду улаган татыктуу урпагы болгон.

Колпоч баатырдын урпактары  Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарында жашашат. Бирок көпчүлүгү Талас менен Аксы өрөөндөрүндө отурукташкан.

  Бактыбек Асымбаев: “Колпоч баатырдын мааракесинин алдында турабыз»

 «Колпоч-Ата» коомдук бирикмесинин төрагасы Бактыбек Асымбаев алдыда белгилене турган Копоч баатырдын маарекеси тууралуу ой бөлүштү.

–Бактыбек мырза жакынкы күндөрү Колпоч баатырдын чоң мааракеси белгиленгени турат. Уюштуруу иштеринин башында турган сизге көп ыраазычылыктар айтылууда. Өзүңүз “Колпоч-Ата” коомдук бирикмесинин төрагасы болосуз. Баса сизге Колпоч туугандарыңыз бий  статусун да бергени эсибизде. Өткөн жылы Колпоч баатырдын эстелигин тургузуп, китебин дагы жарыкка чыгардыңыздар? Эми Колпоч баатырдын 320-жылдык мааракеси белгиленгени турат. Мааракедеги иш-чаралар тууралуу ой бөлүшсөңүз?

-Алгач Колпоч баатырдын урпактарынын башын кошуп, спорттук, улуттук оюндарды өткөрүү максатыбыз эле. Убакыт өтүп мааракени өткөрүү убактысы 2023-жылга туш келип жатат. Кудай буйруса 16-сентябрдан тарта коноктор келип баштайт. Келген ошол эле күнү жалпыбыздын сыймыгыбыз болгон Манас ордого барып зыярат кылабыз. 17-сентябрда болсо күндүзгү саат ондордо Колпоч ата эстелигинин жанында куран окутулат. Андан соң илимий конференция башталат. Биздин маарекеге жогорку бийликтен мамлекеттик катчы Сүйүнбай Касманбетовдун катышуусу күтүлүүдө. Президенттин апаратынан Октябрь Капалов жана түрк академиясынын катышуусу да күтүлөт. Андан тышкары Казакстандан бир нече санжырачы, тарыхчы, окумуштуулары келет. Ал жерден Эр Эшимдин урпагы Колпоч бабабызды даңазалап, жашап өткөн жолдору, кылган эрдиктери боюнча жалпы маек курулат. Ал илимий конференция бүткөндөн кийин жалпы коноктор чогулуп, атмайданына ат оюндарын өтүүчү жайга барып көк бөрү ат чабыш оюндарынын ачылышын кылабыз. Андан соң талас районун кыргыз күрөш боюнча оюндун ачылышы болот. Концерттик маданий иш-чаралабыз алыстан келген коноктордун катышуусунда башталат. Күндүзгү саат төрт бештерде ат оюндарынын, көк бөрү менен күрөштүн жеңүүчүлрү сыйланып маданий маанай менен уланат.

—Колпоч уруусу өлкөбүздүн дагы кайсы чөлкөмдөрүндө жайгашкан?

—Биздин жалпы Эр Эшимдин урпактары 500түтүндөй Казакстанда жашайт. Ысык-Көл облусунун саруу айылында 220 түтундөй жашайт. Жалал-абад облусунда 200дөй, Токтогул районунда 200дөй, Чүй облусунда 500-600гө түтүнгө чейин Эр Эшимдин урпактары бар. Таласта Көк-Кашат, Көк-Токой, Жон-Арык, Кырк-Казык, Атай Огонбаев, Калба айылдарында жана Манас районун Чоң-капка айлында жашашат.

—Маарке күнү алгач илимий конференция орун алганы турат. Казакстандан илимий даражасы бар коноктор менен мамилеңиздер кандай түзүлдү?

—Интелегенция өкүлдөрүнүн форумуна биздин Кыргызстанда белгилүү Түрколог, профессор Кадыраалы Конкобаев агай аркылуу байланышыбыз түзүлдү. Эр Эшим дастаны казакча жана кыргызча Түрк академиясы аркылуу каржыланып чыгарылып жатканы тууралуу маалымат жетип, Кадыраалы агай аркылуу казак окумуштуу, жазуучулар менен бйланыш түзүлүп, мааракеге чакырып жатабыз. 2022-жылы 16-сентябрда Чымкент шаарынын Кашка-суу айылында Эр Эшимдин урпагы Кудайбердинин чеберелери Бекасылдын 200жылдык мааракесине чакыруу алып ошондон улам дагы байланышыбыз бекемделген.  Бекасылдын неберелери коомдук ишмер, политка илимдеринин доктору Эржан Итагулов да биздин илимий конференцияга келип катышат.

—“Колпоч баатыр” китебинин жарыкка чыгышы тууралуу да азын оолак токтоло кетсеңиз?

— Мага жаштайымдан эле атам Асымбаев Токтогул «балам, жети атаңды билип жүр» деп ата-бабаларымды атап калар эле. Атам санжырачы болбосо да уруулардын бөлүнүштөрү, Колпоч уругунун баатырлары, акындары жана атактуу адамдары жөнүндө такай айтып берчү.

Атам чабандык кесипти аркалагандыктан, көбүнчө биздин үй-бүлө тоодо болор элек. Менин китепке кызыкканымды билип, атам «Ала-Тоо» журналы менен кызыктуу тарыхый китептерди айылдык китепканадан алып келип берчү. 1992-жылы мен үй-бүлөм менен Бишкектен Таласка көчүп келдим. 2000-жылдан баштап айылдагы аксакалдардын, агаларыбыздын санжыра айткандарын угуп, китепканалардан тарыхый китептерди окуп жүрдүм. Анан аларды көрүп, “биздин Колпоч туугандар да санжырабызды изилдеп, тактап, туугандарыбызды таап, китеп кылып чыгарып, Колпоч атабызга эстелик коюп, чоң той-тамаша өткөрсөк” деп өзүмө аябай жоопкерчиликтүү чоң максат койдум.

Баяс Турал, Нубек Туран агаларыбыздын жардамы менен Эр Эшим тууралуу маалыматты мамлекеттик деңгээлге алып чыксак, кыргыздын мыктылары, баатырлары дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем. Казактар кырк томдон турган жыйнагын чыгарып жатышат. Аларга мурунку президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан өтө көп каражат которулган экен. Биздин мамлекет дагы тарыхты унутта калтырбай каражат бөлүп берсе, казак туугандардан кем калбай кыргыз окумуштуулары кыргыздын тарыхын алып чыгат деп ишенем. Каражат жетпесе да жеке демилгелери менен иштеп жаткандарына таазим! Мен кыргыз болгонум үчүн сыймыктанам!

Маектешкен Жамиля НУРМАНБЕТОВА