УКМК: Жасалма Шенген визасын даярдоо жана сатуу менен алектенген чет элдик жарандар кармалды – ФОТО

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, чет элдик жарандар катышкан эл аралык мыйзамсыз миграциянын каналы аныкталып, бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталгандай, Пакистандын жарандары М.Р. жана А.В. ири суммадагы акчалай сыйлык алуу үчүн, Пакистандан келген туристтерге Италия Республикасынын жасалма Шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштурушкан, андан ары алар Казакстан, Россия жана Белоруссия аймактары аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландаштырышкандыгы аныкталды.

Чет элдик жарандар кармалып жана КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Аларга карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, – деп айтылат маалыматта.