Ак-Суу РИИБдин ЭММКАКдын ыкчам кызматкерлерине маалымат түшүп, анда Эӊилчек сырт өрөөнүндө жергиликтүү тургун мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жүргөндүгү билдирилген.
Аталган маалымат райондук милициянын маалыматтарды каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жүргөн жарандын өздүгү аныкталган. Ал, Новознесеновка айылынын 22 жаштагы тургуну Ж.А. болуп чыкты жана сырт өрөөнүндө мал багуу менен алектенгени белгилүү болгон.

Эӊилчек сырт өрөөнүндө орун алган шектүү жаарандын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштеринин жүрүшүндө, тийиштүү уруксат кагаздары жок мыйзамсыз сакталган ТОЗ-8, ИЖ-18 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар жана 5 даана ок дарылар дализ зат катары алынды.
Аталган факты боюнча Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө амалдары уланууда, – деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.