Легендарлуу Лионель Месси 8-ирет “Алтын топтун” ээси болду

Мурунку сезондо 36 жаштагы футболчу Аргентина курама командасы менен дүйнө чемпиону болгон. Мыкты оюнчу да аталып, франциялык ПСЖ клубунда ойноп башка дагы бир нече сыйлыктарды алган. Учурда АКШнын “Интер Майами” клубунда. 

Экинчи орунду норвегиялык Эрлинг Холланд, үчүнчүнү франциялык чабуулчу Киллиан Мбаппе алды. 

Месси жогорку сыйлыктарды алуу боюнча рекорд жаратты, анын артында 5 “Алтын топ” алган португалиялык Криштиану Роналду турат.

@abal-kg