Сиз билесизби? Тамактанууда олуттуу ооруга алып келген адаттар

Адис коркунучтуу илдеттерге алып келген тамактануунун эки түрүн белгилеген. Диетологдун айтымында, туура эмес тамактануу адам ден соолугуна залакасын тийгизип, рак ооруларын өрчүтүшү ыктымал. Медик коркунучтуу илдеттерге алып келген тамактануунун эки түрүн атаган. Анын бири “Батыш диетасы” деп аталса, экинчисин “кедейлердин диетасы” деп коюшат.”Батыш диетасына” майы көп жаныбардын эти менен жасалган тамактар, туз, кумшекер кирет. Мында клетчатка организмге бир аз эле барат. Ал эми “кедейлердин диетасына” тез татым, колбаса азыктары, төмөнкү сапаттагы сүт азыктары кирет”, — деген Кабанов.Ал ашыкча салмакка алып келген тамактануу адаттары да рак оорусун чакырарын эскерткен. Газдалган суусундук, таттууну ашыкча колдонуу, кыймылдын аздыгы адамды бат семиртерин айтып, коркунучтуу оорудан оолак болом дегендер буларды эске алуусу керектигин эскерткен.