Кыргыз-Орус-Славян университетинде “Кытай тили жана маданияты” борборунун ачылыш аземи өтөт

Эртең, 2023-жылдын 21-ноябрында саат 10-00 Кыргыз-Орус Славян университетинде жаңыланган “Кытай тили жана маданияты” борборунун ачылыш аземи болот. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Иш-чарага университеттин жетекчилиги, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы  атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, Кыргызстандагы кытайлык компаниялардын өкүлдөрү, Кытай Эл Республикасынын салттуу спорт түрлөрү боюнча федерациясынын жетекчилери катышат.  Андан тышкары  КРСУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышуусу күтүлүүдө.

Иш чаранын расмий бөлүгүндө КРСУнун ректору Д.В. Фомин-Нилов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин  Конфуций институтунун директору Г.Т. Исаматова, Борбордук Азиядагы Шэньси провинциясынын кытайлык ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Ван Куанган мырза катышат.

Ачылыш аземинин программасына ошондой эле студенттердин концерти жана КРСУнун Тарых-архитектура музейине баруу пландалды.

КРСУнун Окумуштуулар Кеңешиндеги салтанаттуу бөлүктөн кийин жыйындар залында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айымдын «Бир алкак –  Бир жол» темасында ачык лекциясы өтөт , анын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын элчиси аудиториянын суроолоруна жооп берет. Андан соң Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь айымга Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин ардактуу докторунун дипломун жана халатын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болот.