УКМК: Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды – ВИДЕО

2023-жылдын 5-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Ш. КР УКМКнын кызматкерине 100 000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз борборунан билдиришти.

Такталгандай, КР УКМК кызматкерине Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 млн сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги КР мыйзамдарын бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң чечим чыгаруу үчүн пара катары берилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.