Газада январь айында 14 журналист каза тапты

Январь айында Газа тилкесинде Израил армиясынын соккуларынан 14 журналист каза болгон. Бул тууралуу Палестина журналисттер профсоюзунун баяндамасына таянуу менен WAFA маалымат агенттиги билдирди.

Жалпысынан январь айында Израил күчтөрүнүн Палестинадагы журналисттерге карата жасаган 135 кылмышы катталды. Сегиз медиа кызматкери турак-жай курулуштары аткыланган учурда көз жумган, дагы төртөө редактордук тапшырмаларды аткаруу учурунда каза болгону айтылат докладда.