Кыргызстан менен Казакстан авиакырсык болгон учурда бири-бирине жардам берет

Казакстандын Мажилиси (парламенттин төмөнкү палатасы) Кыргызстан менен авиациялык издөө жана куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндөгү келишимди ратификациялады. 

Тараптар кырсыкка учураган аба кемесинин жүргүнчүлөрү менен экипажын куткаруу үчүн издөө-куткаруу кызматтарынын өз ара иштешүүсүн жолго салууну макулдашты. Операциялар Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана сунушталган практикасына ылайык жүргүзүлөт (ИКАО).

Мындан тышкары, мамлекеттер бири-бирине авиакырсыктар тууралуу кабар берип турууну жана дароо куткаруу чараларын кабыл алууну макулдашты.

Эки өлкөнүн издөө-куткаруу кызматтары үчүн машыгуулар да уюштурулуп турат.

Өкмөттөр аралык келишимге 2022-жылдын май айында кол коюлган.