Коом

УКМК: Чүй облусунун Аламүдүн районунда ок-дарылар сакталган жай табылды — ФОТО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ок-дарылар сакталган жай аныкталды.

Такталгандай, 2024-жылдын 14-апрелинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы «Восход» дачалык кооперативинде жайгашкан жеке менчик тилкесинин аймагынан жерге көмүлгөн желим баштык табылган. Баштыктын ичин текшерүүдө,  9 мм. калибрдеги 108 даана ок-дары, ошондой эле Макаров маркасындагы тапанчанын 2 компоненти (магазин 8 ок-дарысы, стволду тазалагычтары) табылып алынган.

Учурда Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте аталган ок-дарыларды сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button