ИИМдин Ардагерлер кеңеши дарыланууда жүргөн ардагерлерден кабар алышты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңеши эки жыл катары менен Жаңы жыл алдында ИИМдин госпиталында акция өткөрүштү. Ардагерлер кеңеши белгилегендей, ардагерлер кыймылдары тарабынан госпиталда саламаттыгын чыңдоо үчүн жүргөн кызматкерлер менен ардагерлерди моралдык жактан колдоп, маанайларын көтөрүү максатында өткөрүлдү жана алардын ден соолуктары бекем болушун жана иштеринде ийгиликтер коштоп журушун каалап кетишти.

Бул жакта дарыланууда жүргөн кызматкерлер менен ардагерлерге майрамдык түштөнүү уюштурулду. Андан сырткары ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев дарылоо мекемесинин кызматкерлерине дагы майрамдык белектерин тапшырды. Мындай иш-чара экинчи жолу катары менен өтүп жаткандыгын белгилеп өттү керек.