3 миллион 24 миң сомдук сагыз алып келаткандар кармалышты

Коңшу мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 140 куту сагыз табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Ош облусуна караштуу Ноокен районундагы Көк-Жар айлында кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 412» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүүгө алганда ичинен жалпы 168 миң пачка «Orbit» маркасындагы сагыз табылды.

Айдоочу ЕАЭБтин бажы аймагына ташып келе жаткан жүк мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Эксперттин берген корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 3 миллион 24 миң сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Abal.kg