Маданият

Жаныш Кулмамбетов: “Учурунда көрө албастар “өрттөнүп өлсүн” деп Бакен Кыдыкееванын үйүн да өрттөп ийишкен”

Драматург, театр сынчысы, режиссер Жаныш Кулмамбетов менен белгилүү инсандар тууралуу маекти кыргыз чүрөгү айтылуу Таттыбүбү Турсунбаева жана Бакен Кыдыкеева тууралуу  уланттык.

-Жаныш Осмонович, сиздин  бир аз мурда “Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын уникалдуу көрө албастыгынын курмандыгы” деп айтканыңыз бар. Бирок, сиз айтып атасыз Сальери да Моцартка ич күйдүүлүк кылганын Пушкин жазган деп. Анда, ич күйдүлүктүн, көрө албастыктын кыргызга тийиштүү уникалдуулугу кайсы?

-Антип айтканым чын. Анын да өзүнчө себептери бар. Албетте, көрө албастык жеке эле кыргызга эмес, жалпы адамзаттын канында бар көрүнүш. Ал жагынан биз башка калктардан алдыга озбойбуз, артта калбайбыз. Иш жүзүнө келгенде көрө албастык Адам ата, Обо эненин мезгилинен башталат. Адам ата, Обо эненин эки уулу — Каин менен Авелдин окуясын эле алалычы. Каин жатындаш бир тууганы Авелди өлтүргөнү — көрө албастыктын таржымалынын башталышы. Таттыбүбүнү да ошол кылымдардан берки адамдын канына сиңген ичи тардыктын курмандыгы экени талашсыз чындык. Менин ошол пьесамда көрө албас коллегаларынын Таттыбүбүгө карата кандай балит иштерди жасаганы, өзүм уккан, талдаган көрүнүштөрдүн негизинде көрсөтүлгөн. Ошондой эле балит иштерди Бакен Кыдыкеевага карата да жасашкан. Өрттөнүп өлсүн деп учурунда Бакен Кыдыкееванын үйүн өрттөп ийишкенин билгендердин көзү азыр да тирүү. Мына ушундай кейиштүү көрүнүш.

-Анда Таттыбүбү Турсунбаеванын “Уркуя” кинофильминен соң Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлбөгөнүн да ошол көрө албастыктын натыйжасы деп түшүнсөк болот экен да?

-Ооба. Тилекке каршы, көрө албастык кыргыздын түбүнө жете турган көрүнүштөрдүн бири. Бул адаттан арылмайынча элибиздин эл болуп кетиши чоң күмөн жаратат. Каниет кылганым, Таттыбүбү Турсунбаева, бир кылымда бир жаралчу ченде жок сулуу жана кереметтүү талант ээси. Кыргыз эли бар кезде Таттыбүбү эч качан унутулбайт. А ичи тарлар, көрө албастар анын даңкынын чаңында калышат.

-Маегиңизизге рахмат!

Суроо салган Зарина Мырсакулова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button