Дүйнө
Коронавирус. Врачтардын аянычтуу сүрөттөрү коомчулуктун зээнин кейитти(фото)
Коронавирус тарап аткан өлкөлөрдүн врачтары менен медсестралары бүгүн башкы каармандары болуп саналышат. Алар күнү-түнү менен өтө катаал жана коркунучтуу шартта тынымсыз иштешип, адамдардын өмүрүн сактап атышат. Илдетти жуктуруп алуудан өзүлөрүн коопсуз кылуу үчүн, сактануучу ар түркүн каражаттарды – атайын костюмдарды, маскаларды, мээлейлер менен көз айнектерди кийүүгө мажубур болушууда, деп жазды Новости Mail.ru.
Медиктердин айтуусуна караганда ушундай экипировкада бүт смена бою иштөө өтө татаал, бирок аларда башка чара жок.
Врачтар менен медсестралар иште жана госпиталдардагы узак мөөнөнттөгү иштен чыккандан кийин кандай болуп калышаарын, кандай көрүнүшөрүн соцсеттерге жарыялай коюп атышат.
Abal.kg