Коронавирус коркунучтуу. Бирок анын пайдасы да чоң дейт экологдор

Планетага жайылып аткан коронавирустун пандемиясы көптөгөн  адамдардын өмүрүн сактап калат, деп билдиришти окумуштуулар. Бул тууурасында РИА Новости маалымдады.

Эң эле консервативдүү баа бергенде дагы, абанын тазаланганынан улам мезгилсиз өлүмдөн сактала тургандардын саны,  CОVID-19ду жуктуруп алып көз жумуп жаткандардын санынан алда канча көптүк кылат, дешет окумуштуулар.   

Коронавирус чыккан Кытайда, эки айдын ичинде атмосферадагы катуу бөлүкчөдөрдүн (твердые частицы) деңгээлинин жогорулаганы 5 жашка чейинки 4 миң наристенин жана 70 жаштан улуу  73 миң чоң кишилердин өмүрүнүн сакталып калышына мүмкүнчүлүк түзгөн.  Бул азыркы илдеттен көз жумуп аткандардын санынан алда канча көптүк кылат.

Ошондой эле адистердин колдорунда спутниктен алынган маалыматтар бар. Ал маалыматтарга караганда Түндүк Италиянын абасынын булганышы алда канча тазарган, автомобиль айдаганда бөлүнүп чыга турган азоттун диоксиддери азайган.

Италияда карантин башталгандан бир аз өтпөй эле Венециянын суусу тазарып, балыктар кашкайган тунук арыктарда ээн эркин сүзүп жүрүшкөнүн Euronews бир нече күндөн бери таң калуу менен көрсөтүп жатат.

PS.: Бишкектин абасынын аябагандай булганганы туурасындагы маалыматтар кыш айларынын ичинде кайра-кайра айтылып жатканы эсиңерде болсо керек. Анын эң башкы “күнөөкөрү”  автомобилдерди айдаганда бөлүнүп чыга турган азоттун диоксиддери экени баарыбызга түшүнүкттүү болду. Ушунчабызда ойлонуп, абаны булгай турган чоң габариттүү автолордон баш тартканыбыз оң  болуп жүрбөсүн?

Abal.kg