Өзбекстан коронавирус аныктай турган тест-система иштеп чыкты

Өзбекстандык окумуштуулар COVID-19 вирусун аныктоочу өздөрүнүн тест-системасын иштеп чыгышты. Бул тууралуу бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Системаны түзүүгө бир ай убакыт кеткен.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрликтин маалыматында бул эксперсс-тест эмес, атайын лабораторияларда жүргүзүлө турган толук кандуу тест экени, процедура 5-6 саатты алары айтылат.

Бул арада Өзбекстанда биринчи жолу чет өлкөгө чыкпаган жана чет өлкөдөн келгендер менен байланышпаган жаран коронавирус жуктурганы аныкталды.

«Ал ташкенттик 20 жаштагы кыз. Ал да, ата-энеси да чет өлкөгө чыккан эмес. Бирок ал вирус алып жүрүүчүлөр менен коомдук транспортто бирге болгондо же жалпыга таандык предметтерди колдонгон учурда жуктурган болушу мүмкүн. Биз анын үй-бүлөсүн да текшердик, баары таза чыкты», — деди Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Бахром Алматов.

Эскерте кетсек, 26-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктаргандардын сан 60га жетти.

Abal.kg