Коом
Коронавирус. Медициналык кызматкерлерге канча каражат төлөнөөрү каралууда (видео)
Өзгөчө кырдаалдар маалында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөөрү каралууда. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Ошондой эле эгерде каза болуп калса, алардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом акчалай компенсация берүү жагы да чечилүүдө.