Спорт

Жылаңач муштум менен мушташуу лигасы Майк Тайсонго $20 миллион сунуштады

Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттуу чемпиону, америкалык  Майк Тайсонго,  жылаңач муштум менен мушташуу Bare Knuckle Fighting Championship (BKFC) лигасы, ушул эреже менен мушташып берүүсү үчүн  20 миллион АКШ долларын сунуштады, деп билдирди heavy.com,  BKFCтын башчысы  Дэвид Фелдмандын сөзүнө таянып. Бул тууралуу Спорт РИА Новости 7-майда маалымдады.

«Майкка BKFCка чыгып бер деп  20 миллион өлчөмүндөгү долларды гарантиясы менен сунуштагандыгыбызга карабастан, биз кызматташуунун көптөгөн варианттарына даярбыз», — деди Фелдман.

«Майктын тренировкаларын жана  көргөзмө эрөөлдөргө катышуу тилегин видеодон көрүп, катуу толкунданганыбыз,  бизди ага сунуш берүүгө  шыктандырды», — деп кошумчалады ал.

Мурдараак, 53 жаштагы Тайсон соопчулук кылууга каражат чогултуу үчүн, бир нече көргөзмө эрөөлдөргө катышууга ниети бар экенин билдирген.

Майк Тайсон бир нече жыл бою катары менен WBA, WBC жана IBF версияларынын чемпиондук курун белинен түшүргөн эмес. 1986-жылы  Тревор Бербикти экинчи раундда нокаутка уруп, дүйнөнүн эң жаш чемпиону болгон. Профессионалдуу рингде Тайсон 50 жеңишке жетишкен (44үн нокаут менен), алты жолу жеңилип, эки эрөөл болбой калган деп эсептелген. Анын акыркы эрөөлү 2005-жылы өткөн.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button