“Чоңказатчылардын” максаты элди митингге чыгарып, революция жасообу?

Бул долбоор коомдун аң-сезимин олуттуу козгоп койду, бирок муну долбоор деп атоо деле кыйын.  Тескерисинче, үч кишиден турган топ – өлкөнүн байларынын ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кеткилери келбей, ага карата болгон күч-аракетин жумшап, авантюралык трюктарды жасап убара тартышууда.

Булардын аракеттери дегеле долбоорго окшошпойт. Өздөрүн Робин Гуд сезген бул  топтун кайырмагына алар айтып жаткан байлар эмес, баёо эл илинди.  Тагыраак айтканда карантинде жатып, зериккен эл  телефондорун колдорунан түшүрбөгөндүктөн, телефондун нары жагында, ашканасында отуруп алышып, болушунча эл-жерге күйүмүш эткен эркектердин күбүр кептерине кулак төшөп, алгач аларга таасирленишти.  

Бара-бара мурдагы прокуратуранын, атайын кызматтын кызматкерлери минимум факты менен максимум акча табууну “тупо” кыялданып (кыялдар кайда гана алып учпайт!) жатышканын билип калышты көрүнөт. Алар деле бул ишти бир четинен зериккенинен кылса, экинчи четинен мурда иштеп жүрүп мындай иштерди кылып жүргөн адатына салышты окшойт.

Ошентип карантин учурунда көпчүлүктүн маанайын изилдеп көрүп, топтошкон эркектер коррупцияга каршы картаны “ойноону” чечишкен.  Бирок, ушу жерден аларга баа берип койуш керек, алар мээлеген ок жазбай тийип, социалдык тармактарда адамдар тарабынан – миңдеген көрүүлөр, хайптар камсыз болду.

Алар өздөрүнүн “кара тизмесин” түзүп, ал жакка Акаев башкарууга жаңыдан келген кездеги башаламандыкта балкадан баштап, завод-фабриканы “менчикке” чыгарып алган, минералдык ресурстарды жана металдардан өйдө сыртка саткан делген экстер кирген…

Андан соң “кухнядан” оозго алгыс сөздөр менен сөгүнмөй, ашатмай, караламай башталды.  Биринчилерден болуп Кубанычбек Жумалиевге карата караламай башталды. Ага асылгандары аз келгенсип, элине чыгармасы менен эмгеги сиңген аялына кошо асылышты. Тизменин кийинки курмандыгы Чыныбай Турсунбеков болчу, бирок ал булар менен “согушуп” отурууну каалабай, “ылайчылардын” сураган суммасын берип, мээсинин тынчтыгын тандап алганын билгендер социалдык тармакка жазып чыгышты.

Ошол себептен “чоңказатчылардын” тизмеси  Чыныбайдан секирип, “жабырлануучулардын” кезеги бузулуп, караламай акциясы Динара Исаевага барып такалган.

Бул айым алардын шантажына кандай реакция кылат азырынча белгисиз. Аларга каршы туруп, катуу каршылыкты көрсөтөбү көрө жатарбыз.

Кайсы бирин айтсак дагы, эйфорияга алдырган “Робин Гуддардын” чындап эле аңдыганы байлар болуп калды. Бул топтогулардын бири Сыймык Жапыкеевди көргөндөр акыл-эсти алган, кайфты карматкан чөптөн жыттап аларын дароо байкашты. Айрымдары аны “сайынып алат экен” деп  ачык айтып атышат. Ал жагын айтып күнөөсүн көтөрбөйлү бирок, акыры бул массалык психоз кандай бүтөөрүн божомолдош кыйын жана анын кандай бүтөөрү көбүнө кызык болуп турат.

Бирок бир нерсени айтып коюш керек, кандай болгон күндө да булар опузалоо менен коомдо ордун таба алышпайт.

Андан тышкары жакында эле  “чоңказатчылар” автобус даярдай коюп,  Россиядан келе албай жаткан мигранттарды алып келебиз деп видео кайрылуу жасаганы да коомчулукта катуу талкууга алынууда. Мындай “дешевый пиардын” элге азыр кереги жок эле. Себеби, чет өлкөдөн  мигранттарды алып келүү мамлекеттик деңгээлде гана чечиле турган иш. Азыркы тапта баардык чек аралар, аэропорттор жабык, иштебей турат, дүйнө жүзү боюнча. Ал эми булар кандай жол менен алып келишет, белгисиз. Эптеп эле коомчулукка күйүп жаткан  адам көрүнгүсү келгендер мыйзам чегинде иш алып барса деген гана ой келет.

Кыскасын айтканда, өздөрүн  салгылашуу талаасындагы жоокерлердин командири сезишкен, “кухня баатырларынын” байларды кууп чыгабыз, таш бараңга алабыз-деп акырында митинг, баш аламандык, ызы-чууну кылууну көксөгөн тилектери таш капсын деп гана айта алабыз.

Айбек Капаров