Сот Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды

Бүгүн, 9-июнда, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковду күнөөлүү деп таап, аны 18 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Исаков Кылмыш кодексинин 319-беренеси менен күнөөкөр деп табылды.

Ошондой эле, сот Сапар Исаковду кетирилген чыгымды кайтарып берүүсү үчүн 247 миллион 650 миң сом төлөөгө милдеттендирди.

Эске салсак, Биринчи Май райондук сотунда Бишкектеги Тарых музейин реконструкция кылуудагы жана Чолпон-Атадагы ипподромду куруудагы коррупция боюнча сот отуруму өтүп жатат.

Abal.kg