Коом

«Аламүдүн» базары дезинфекцияга жабылды

Бүгүн Бишкектеги  «Аламүдүн» базары дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомго вице-мэр Татьяна Кузнецова кол койгон.

«Базардын аймагындагы соода түйүндөрү жана башка ишкердик субъектилери менчигинин түрүнө карабастан ишин убактылуу токтотту. Курманжан датка, Буденный, Муса Жалил көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси менен чектешкен квадраттык аянтча жабылды», — деп айтылат маалыматта.

Бир күн бою башкы санитардык врач Кубан Кундашевдин көзөмөлү алдында санитардык чаралар күчөтүлүп, дезинфекциялоо иштери жасалат.

Эскерте кетсек, 10-13-июнь күндөрү «Орто-Сай» базары да жабылып, ӨКМ кызматкерлери 11 миң чарчы метр жерди дезинфекциялаган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button