Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жубайына арнап ыр жазды

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жубайы Жанара Турдакуновага арнап ыр жазып, фейсбук баракчасына жүктөдү.
Эске салсак Жанара Турдакунова эки тараптуу пневмония оорусуна чалдыгып, Улуттук госпиталда жаткан. Бул илдеттин кесепетинен 6-июлга караган түнү, көз жумган.
Алмамбет Шыкмаматов менен жубайы Жанара Турдакунова үч уул, бир кызды тарбиялап жатышкан.

КОШ ЖАНЫМ ЖАРЫМ ЖАНАРЫМ.Канатым сынып кайрылды,Бөлүшөөр барбы кайгымды?Ажырап калдым жарымдан,Өмүрлүк жаным,…

Опубликовано Шыкмаматовом Алмамбетом Среда, 8 июля 2020 г.

КОШ ЖАНЫМ ЖАРЫМ ЖАНАРЫМ.
Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.

Өксүдү жаным, ый толуп ,
Санаага баттым ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп .

Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең .
Асылым сени, жар кылып ,
Төрөп берген ата-энең .

Адамдан элең башкача ,
Жарашчу сени мактаса .
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса .

Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды асылым,
Олтурам ыйлап шолоктой .

Кош жаным, жарым асылым !
Жоготту жүрөк жакынын .
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым .